Кызыл Армия хору Стамбулда концерт койот

Александров Орус Кызыл Армия хору жана бий тобу 9 – 11 -  мартта стамбулдуктар менен жолугушат.

1156800
Кызыл Армия хору Стамбулда концерт койот

Александров Орус Кызыл Армия хору жана бий тобу 9 – 11 -  мартта стамбулдуктар менен жолугушат.

Хордун мүчөлөрү оркестр, бийчи жана солисттерден турган 120 кишилик топ орун ала турган иш чара 2019 -  жылы Түркия  - Орусия маданият туризм жылы иш чараларынын негизинде ишке ашат.

Курулушунун 91 -  жылын белгилеген топтун Стамбулда боло турган акысыз концертинде Орусиянын «Ардактуу артисттери» Наталья Москвина, Павел Максимов, Валерий Гавва жана Вадим Ананьев менен бирге эл аралык жарыштардан сыйлык менен кайткан Максим Маклаков да солист катары сахнага чыгат.

Репетуарында 2 миңден ашуун чыгарма болгон хор "İstiklal Marşı", "Sevdan Olmasa" vжана "Çanakkale Türküsüн" да аткарат.

Кызыл Армиянын Борбордук үйүндө 1928 -  жылы курулган хор биринчи концертин ошол эле жылы согушка катышкан аскерлер менен Советтик социалисттик республикалар союзунун элдерине маанай тартуулоо максатында өткөргөн.

 

 



Тектеш кабарлар