Айтматов Германияда эскерилди

Кельндеги «Юнус Эмре» институтунда өткөрүлгнөн эскерүү иш-чарасына катышкан журналист-жазуучу др. Ирмтрауд Гучке, Айтматовду түшүндүрүп берди.

1108745
Айтматов Германияда эскерилди

Дүйнөгө таанымал жузуучубуз Чынгыз Айтматов, туулганынын 90-жылында Германиянын Кельн шаарында эскерилди.

Кельндеги «Юнус Эмре» институтунда өткөрүлгнөн эскерүү иш-чарасына катышкан журналист-жазуучу др. Ирмтрауд Гучке, Айтматовду түшүндүрүп берди.

Гумбольдт университетинде 1976-жылы «Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында адам жана табият» боюнча докторасын жактаган Гучке, Айтматов менен ушул себептен улам таанышканын жана андан кийинки убактарда абдан бекем достук кургандарын айтты.

Түрк дүйнөсүнүн сүйүү, өздүк, адилеттик, жоопкерчилик, берилгендик сыяктуу орток баалуулуктарын чыгармаларында чагылдырган Айтматовдун эл аралык атак даңкка ээ болгонун маалымдаган Гучке: «Айтматов алыс аймактардан Европага алып келген билдирүүлөрү менен бизге эмнени жоготконубузду эскертип, унуткандарыбызды таптырды. Ким тамырын жакшы билсе келечек үчүн кеңири көз карашка ээ болот»,-деди.

Кельндеги «Юнус Эмре» институтунун мүдүрү Йылмаз Булут болсо, институтунун бир эле убакта түрк тилдүү мамлекеттердин да өкүлү экенин белгилеп: «2018-жыл Чынгыз Айтматовдун төрөлгөнүн 90 жылдыгына жана дүйнөдөн кайтышынын 10 жылдыгына туура келүүдө. Институт катары ишке ашырган бул маанилүү программа менен Түрк дүйнөсүнүн орток баалуугу болгон Айтматовду жыл бүтө электе эскерген болуу биз үчүн сыймык булагы болуп саналат»,-деп айтты.

Прграммада айрыкча Айтматовдун «Жамила» аттуу чыгармасы менен Гучкенин жакынкы убакта чыгарган «Турналардын убадасы-Айтматовдун дүйнөсүнө жол тартуу» аттуу китебинен үзүндүлөр окулду.

 


Этикеткалар: #Айтматов , #Германия

Тектеш кабарлар