Түрк дүйнөсүнүн 3-Даректүү тасма фестивалы

Түрк дүйнөсүнүн 3-Даректүү тасма фестивалы Стамбулда өткөн сыйлык тапшыруу аземи менен аяктады.

1064796
Түрк дүйнөсүнүн 3-Даректүү тасма фестивалы

«8 өлкө 8 шаар» темасы менен уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн 3-Даректүү тасма фестивалы Стамбулда өткөн сыйлык тапшыруу аземи менен аяктады. Аземге көп сандаган кино сүйүүчү жана коноктор катышты.

Кыргыз режиссер жана продюсер Айбек Жангазиев мындай фестивалдардын Түрк дүйнөсүн бириктирүүгө жана орток маданий баалуулуктарын коргоого пайдасы чоң болоорун айтты. Ошондой эле ал, 15-17-январда Алматыда Европа-Азия даректүү тасма жана кино фестивалы өтө турганын жарыялады.

Татар режиссер Ылгар Ягафаров дагы Түрк дүйнөсүндөгү башка режиссерлор жана продюсерлер менен таанышуунун көз карашты өнүктүргөнүн айтты.

Өзбекстандан сынакка катышкан Али Хамраевдин «Сени унуткан жокмун» аттуу тасмасы биринчилик сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Даркетүү тасманын студенттер номинациясында биринчилик сыйлыгын Түркиялык Батухан Курт режиссерлугун кылган «Курбака аңчылары» аттуу тасма алды.



Тектеш кабарлар