Эрзурумда Түрк оюндары фестивалы өттү
«Эрзурум Түрк оюндары фестивалынын» алкагында ишке ашырылган ат үстүндө найза ыргытуу, ат үстүндө жаа атуу, көкбөрү оюндары көңүлдөрдү бурду.
Быйыл алгачкысы уюштурулган «Эрзурум Түрк оюндары фестивалынын» алкагында ишке ашырылган жирит (ат үстүндө найза ыргытуу), ат үстүндө жаа атуу, көкбөрү оюндары көңүлдөрдү бурду.
Дүйнөлүк Этноспорт конфедерациясы, Түркиянын салттык спорт тармактары федерациясы, Жаачылар фонду, MNG соода жана коомдук борбору менен Эрзурум мэриясынын кызматташуусунда Эрзурум-Ашкале авто-жолунун 6-чакырымында атайын даярдалган 120 миң чарчы метрдик аянтта ишке ашкан фестивалдын экинчи күнүндө ат үстүндө найза ыргытуу, ат үстүндө жаа атуу, көкбөрү оюндары менен катар, кара кучак күрөштөрү жана бир топ салттык спорт тармактарында таймаштар өткөрүлдү.
Оюн тилкелери, өрөөн аянттары, той чатырлары, атчан найза ыргытуучу аянттар жана боз үйлөр орун алган фестиваль аянтында коноктор үчүн Эрзурумга таандык кол өнөрчүлүк жана шаардын жергиликтүү тамак түрлөрү сунулду.
Эрзурумдук темир уста Давут Тандын чокто кызартылган темирди колуна жана тилине сүртүп шоу көрсөтүүсү атуулдардын бүйүрүн кызытты.
Түркиянын салттык спорт тармактары федерациясынын ардактуу төрагасы, профессор Алпарслан Жейлан, журналисттерге кайрылуусунда фестивалдагы спорттук иш-чаралардын маанилүү бир бөлүмүнүн өтмүштө Орто Азияда түрк маданиятында таалим тарбия максатында өткөрүлгөн иш-чаралар болгонун айтты.
Маданияттын чындыгында жашаган нерсе болгонун айткан Жейлан: «Түрк улуту ар дайым согушка даяр болуш үчүн согуштан тышкаркы убактарда салттык спортторун оюн зоокко айлантып машыгууларын улантышкан. Эгерде сиз маданиятыңызды жашатпасаңыз келечек муундарга өткөрө турган эч нерсеңиз болбойт»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.