TRT World, Эмми сыйлыктарына алгач ирет талапкер болду
Канал, бул категорияда дүйнөнүн эң престиждүү жаңылык каналдары тарабынан эфирге чыгарылган 7 башка чыгарылыш менен сыйлык үчүн жарышат.

Түркиянын алгачкы англис тилинде эфирге чыккан каналы TRT World, телекөрсөтүү дүйнөсүнүн Оскары деп эсептелген Эмми сыйлыктарына алгач ирет талапкер болду.
TRT Worldдун жарыясына караганда каналдын сыйлыктуу даректүү тасмасы «Off the Grid» сериясы өткөн жылы эфирге чыккан жана Жакынкы Чыгышта пайда болгон адам баласы ойлобогон орган соодасын көз алдыга жайган «Үнсүз өлүм» аттуу бөлүмү, быйылкы Эммиде «Актуалдуу жаңылык программасы» категориясында сыйлыкка талапкер көрсөтүлдү.
Канал, бул категорияда дүйнөнүн эң престиждүү жаңылык каналдары тарабынан эфирге чыгарылган 7 башка чыгарылыш менен сыйлык үчүн жарышат.
Сыйлык, 1-октябрда Нью-Йоркто ээсине тапшырылат.
«Үнсүз өлүм» аттуу даректүү тасмасы, өткөн июнь айында да Италияда уюштурулган Эл аралык журналисттик изилдөө сыйлыгына ээ болгон. Даректүү тасмада үй-бүлөлөрүнө бир үзүм нан таап берүү үмүтү менен органдарын саткан качкындардын жашаган кыйын күндөрүн, жапа чеккендердин жана адам уурдап саткандардын өз оозунан түшүндүрүлөт.
TRT World, мындан мурда дагы Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Сирияда террор уюму ДЕАШтан тазалаган аймактагы жашоону даректүү тасмага тарткан жана Дубайда уюштурулган BroadcastPro Жакынкы Чыгыш сыйлыктары аземинде Эң мыкты чыгарылыш сыйлыгына ылайык көрүлгөн.