Шакира эртең Стамбулда болот

Атактуу ырчы 12 жылдан кийин дагы бир жолу Стамбулда концерт берет.

1009380
Шакира эртең Стамбулда болот

Ливан тектүү колумбиялык ырчы, ырлардын автору, бийчи жана актриса Шакира эртең Стамбулда күйөрмандары менен жолугат.

Латын эстрада жана латын-рок музыкасынын маанилүү ысымдарынан болгон ырчы, «Эльдорадо» гастролунун алкагында Водафон паркта сахнага чыгат.

Үй-бүлөсү менен бирге бүгүн Түркияга келиши күтүлгөн ырчы 12 жылдан кийин дагы бир жолу Стамбулда концерт берет.

Шакира карьерасы бою «Waka Waka», «Whenever Wherever», «Loca» сыяктуу дүйнөгө таанымал ырларын аткарып келип 12 Грэмми сыйлыгына ээ болду.



Тектеш кабарлар