Жастин Бибер сүйүктүүсүнө сөйкө салды

24 жаштагы Бибердин 21 жаштагы сүйүктүүсүнө сөйкө салгандыгы билдирилди.

1008736
Жастин Бибер сүйүктүүсүнө сөйкө салды

Канадалык эстрада ырчысы Жастин Бибер америкалык модель Хейли Болдуинге сөйкө салды.

АКШ медиасында орун алган кабарларда, ишемби күнү кечинде Багам аралдарында 24 жаштагы Бибердин 21 жаштагы Болдуинге сөйкө салгандыгы белгиленди.

Бибердин үй-бүлөсү социалдык медиадан сөйкө салууну куттукташты.

Хэйли Болдуиндин актер атасы Стивен Болдуин да Твиттер баракчасынан кызын жана Биберди куттуктады.



Тектеш кабарлар