Пикассонун картинасындагы сырдуу көрүнүш

Изилдөөчүлөр колдонгон аппарат, картиналардын астыңкы катмарларын көрүүнү камсыздайт.

913774
Пикассонун картинасындагы сырдуу көрүнүш

Атактуу сүрөтчү Пабло Пикассонун «Чөгөлөгөн кайырчы» аттуу картинасынын астынан Барселона шаарынын майлуу боек сүрөтү чыкты.

АКШнын изилдөөчүлөрү бул чыгарманы жаңы бир искусство чыгармасын көрүү аппараты аркылуу жарыкка чыгарды.

Изилдөөчүлөр Пикассонун бул картинаны Барселона шаарынын вертикалдык түрдө тартылган майлуу сүрөттүн үстүнө тикелей түрдө тартканын белгиледи.

Шаардын дөбөлөрүнүн капталдары картинадагы чөгөлөгөн аялдын аркасын түзүп турат.

Изилдөөчүлөр колдонгон аппарат, картиналардын астыңкы катмарларын көрүүнү камсыздайт.

Жаңы аппараттын мурдагыларына караганда арзан жана ташып жүрүүгө ыңгайлуу болушу, бир топ искусство чыгармасынын изилденишине мүмкүнчүлүк түзөт.


Этикеткалар: #Пабло Пикассонун

Тектеш кабарлар