«Анадолу Атеши» бийчилер тобу Тбилисиде көздүн жоосун алды...

«Анадолу Атеши» бийчилер тобунун Түркия менен Грузиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 25-жылдыгынан улам борбор шаар Тбилисиде көрсөткөн өнөрлөрү чоң кызыгуу жаратты.

870154
«Анадолу Атеши» бийчилер тобу Тбилисиде көздүн жоосун алды...

Дүйнөлүк гастролун эки күн мурда Батумиден баштаган «Анадолу Атеши» бийчилер тобу, Грузиянын борбор шаары Тбилисиде грузин искусство сүйүүчүлөрүнө өз өнөрлөрүн тартуулашты.

«Анадолу Атеши» бийчилер тобунун Түркия менен Грузиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 25-жылдыгынан улам борбор шаар Тбилисиде көрсөткөн өнөрлөрү чоң кызыгуу жаратты.

Өнөрлөрүн тартуулагандан кийин басма сөзгө маалымат берген «Анадолу Атеши» бийчилер тобунун көркөм искусство боюнча режиссеру Мустафа Эрдоган, Грузия менен Түркиянын маданияттарынын бири-бирине жакын экенин белгилеп кетти.

Бүгүн «Анадолу Атеши» бийчилер тобу катары 5 миңинчи жолу сахнага чыккандарын айткан Эрдоган, Батумиде болгону сыяктуу бүгүн да бул жерде зал толгонун маалымдады.

 «Анадолу Атеши» бийчилер тобунун Грузия гастролу Тбилисиде бүгүн дагы боло турган өнөрлөрүн тартуулоо менен аяктайт.



Тектеш кабарлар