Нобель сыйлыктары ээлерине тапшырылды
Стокгольмдо сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү
Швециянын борбор шаары Стокгольмдо 2017-жылдын физика, медицина, химия, адабият жана экономика тармактарындагы Нобель сыйлыктары салтанаттуу азем менен берилди.
Сентябрь айында жарыяланган сыйлыктар өз ээлерине Швециянын Королу 16-Карл Густав тарабынан тапшырылды.
Буга караганда 2017-жылкы Нобелдин физика боюнча сыйлыгын Кип С. Торн, Райнер Вайс жана Барри К. Бариш, химия боюнча сыйлыкты Жак Дубочет, Йоахим Франк жана Ричард Хендерсон, медицина сыйлыгын Майкл У. Янг, Майкл Росбаш жана Жеффри К. Холл, экономика сыйлыгын Ричард Талер жана адабият сыйлыгын Кадзуо Исигуро алды.
Нобелдин жеңүүчүлөрүнө бир-бирден диплом, Нобель медалы жана 9 миллион Швеция крону (орто эсеп менен 900 миң евро) да берилди.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгын жеңген Эл аралык ядролук куралдарды толугу менен жок кылуу компания (ICAN) болсо сыйлыгын мурдагы күнү Норвегиянын борбор шаары Ослодо алды.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.