Түрк сериалдары эң көп сатылган сериалдардын катарында...

Маданият жана туризм министринин орун басары Хүсейин Йайман,«Диндердин, тилдердин, цивилизациялардын бешиги Анадолу» конференциясында сөз сүйлөдү.

865293
Түрк сериалдары эң көп сатылган сериалдардын катарында...

Маданият жана туризм министринин орун басары Хүсейин Йайман, дүйнөдө АКШнын сериалдарынан кийин эң көп сатылган сериалдардын Түрк сериалдары болгонун айтты.

Йайман, Европалык түрк демократтар биримдигинин (UETD)Дания филиалы тарабынан жана Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун (MÜSİAD) Даниядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулган «Диндердин, тилдердин, цивилизациялардын бешиги Анадолу» конференциясында сөз сүйлөдү.

Хүсейин Йайман, министрлик катары маданият жана искусство тармагында көп сандаган иштерди жасай тургандарын айтты.

Маданият жана туризм министринин орун басары Йайман, алдыдагы мезгилдерде тарых сериалдарынын дагы көп иликтене турганын баса белгилеп: «Түрк тилинин үйрөтүлүшү жана дүйнөдө Түркиянын аңгемесинин түшүндүрүшү жагынан түрк сериалдары абдан маанилүү»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар