Түрк кийимдери Таиландда

«Таиланддан дүйнөгө Жибек Жолу» аттуу иш чарада түрк кийимдери да көрсөтүлдү.

863582
Түрк кийимдери Таиландда

Таиланддын өз жибегин дүйнөгө таанытуу максатында бул жылы жетинчисин өткөргөн «Таиланддан дүйнөгө Жибек Жолу» аттуу иш чарада түрк кийимдери да көрсөтүлдү.

Түркиянын Бангкок элчиси Эврен Багделен Акгүн иш чаранын негизинде сахнада Түркия менен Таиланддын салттык мотивдери түшүрүлгөн кийимдерди көрсөттү. Таиланд туризм жана маданият министрлиги уюштурган иш чара Таиланддын борбор шаары Бангкокто 5 күнгө созулат.

Ачылышын Таиланд вице – премьер  - министри Висану Кругна аткарган жана Таиланд иш жана санат чөйрөлөрүнөн да катышуу болгон иш чарада 30 өлкөнүн элчи жана жубайлары өз өлкөлөрүнөн келген модачылардын Тай жибеги менен даярдалган кийимдерди көргөзүп өлкөлөрүн таанытышты.

Түрк кийим маданиятын ушул күнгө чейин бир топ өлкөдө тааныткан дизайнер Ахмет Өзжейхун программанын негизинде уюштурулган бир дефилье менен түрк мотивдери болгон коллекциясын мода сүйүүчүлөргө сунуштады.

Иш чарада осмондук, Түркия жана Таиланддын салттык мотивдери түшүрүлгөн кийим да көрсөтүлдү. Андан кийин Түркияны тааныткан бир видео да көрсөтүлдү.

Түрк аба жолдору спонсор болгон иш чарага катышкан элчилер ушундайча өлкөлөрүнүн таанытылышына салым кошушат жана өлкөлөрү менен Таиланддын ортосунда жаңы маданий жана санат көпүрөлөрүнүн курулушуна мүмкүнчүлүк түзүшөт.



Тектеш кабарлар