Майыптар түзгөн велосипед кортежи Стамбулда көпүрөдөн өтүштү...

Шишлиден велосипеди менен жол тарткан майыптар, кортеж түрүндө 15-Июл шейиттер көпүрөсүнө барып бул жерде шар жарып, шыңгырак жана сурнай чертишти.

860432
Майыптар түзгөн велосипед кортежи Стамбулда көпүрөдөн өтүштү...

«Табышсыз айкырык велосипед кортежи» иш-чарасында майыптар өздөрү түзгөн велосипед кортежи менен 15-Июль шейиттер көпүрөсүн колдонушуп Европа материгинен Азияны көздөй педалдарын күүлөштү.

Стамбулда Багжылар муниципалитетинин кожоюндугунда 8-өткөрүлгөн «Эл аралык Тоскоолдук кино фестивалынын» алкагында майыптардын алдындагы тоскоолдуктардын жоюлушу үчүн маалыматтандыруу жаратыш үчүн «Табышсыз айкырык велосипед кортежи» иш-чарасы уюштурулду.

Ушул алкакта Шишлиден велосипеди менен жол тарткан майыптар, кортеж түрүндө 15-Июль шейиттер көпүрөсүнө барып бул жерде шар жарып, шыңгырак жана сурнай чертишти.

Кортеж менен бирге көпүрөгө чейин велосипед тээп келген Багжылар муниципалитетинин башчысы Локман Чагырыжы, бул жерде журналисттерге берген маалыматында, «Майып туугандарыбыздын алдындагы тоскоолдуктарды эгерде биз жойгон болсок, алар үчүн эч качан майып деген сөз айтылмак эмес. Демек чыныгы тоскоолдук бизден. Мындан кийин эч кимдин майып болбоосу тилеги менен Дүйнөлүк майыптар күнүн белгилеп жатабыз»,-деп айтты.

Иш-чара майып атуулдардын 15-Июль шейиттер эстелигине шейиттер үчүн дуба кылып, гвоздика гүлдөрдү коюшу менен соңуна чыкты.



Тектеш кабарлар