Тажикстанда «Мевлана жана Сема» аттуу көргөзмө ачылды

«Мевлана жана Сема» көргөзмөсү 10 күн  ачык болот.

859636
Тажикстанда «Мевлана жана Сема» аттуу көргөзмө ачылды

Тажикстандын борбор шаары Душанбеде Түркия менен дипломатиялык карым – катнаштардын 25  жылдыгынан улам сүрөтчү Деря Вардын «Мевлана жана Сема» көргөзмөсү аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Түркиянын Душанбе элчилигинин кошкон салымы менен «Мевлана жана Сема» аттуу көргөзмөнүн ачылышына Тажикстан маданият министринин орун басары Зевар Абдуллозода, Душанбе элчиси Али Рифат Көксал, чет элдик миссиянын өкүлдөрү жана көп сандаган конок катышты. Элчи Көксал иш чарада сүйлөгөн сөзүндө түрк жана тажик калктарынын орток маданий баалуулуктарын түзгөн түрк ойчулу Мевлана Желаледдин Румини (1207 – 1273) бул жерде  эскерүүдөн бактылуу экендигин белгиледи.

Түрк сүрөтчү Деря Вар өткөн жылы Душанбеде өткөрүлгөн Жибек Жолу көргөзмөсү менен Тажикстан маданият министрлиги тарабынан сыйлыкка ылайык көрүлгөн. «Мевлана жана Сема» көргөзмөсү 10 күн  ачык болот.



Тектеш кабарлар