«Айла» аттуу кинону 2 миллион киши көрдү

Бул кинотасма Оскарга көрсөтүлгөн

847142
«Айла» аттуу кинону 2 миллион киши көрдү

Түркиянын Оскар үчүн «Чет тилдеги эң мыкты кинотасма» номинациясында талапкер көрсөткөн «Айла» аттуу кинону 3 жуманын ичинде орто эсеп менен 2 миллион киши көрдү.

«Айла» киносун тарткан Санариптик көркөм-өнөрлөрдүн билдирүүсүндө, эр жүрөк түрк аскери кенже лейтенант Сулейман Дилбирлиги менен кичинекей Айланын сүйүү жана сагынычка толгон 65 жылдык баяны түрк элин кинодо жолугуштурганы белгиленип, «Айла» тобунун Анадолуну кыдырып кинотасманы кино сүйүүчүлөргө тартуулаганы жана суроолоруна жооп бергени баса белгиленди.

«Бул өзгөчөлгөн иш-чара, өткөн жумада Зиледен башталып, Анкара жана Измир менен уланды. Ноябрь айынын аягына чейин улана турган Анадолу турунда бул топ Невшехир, Адана, Анталья, Антакья, Искендерун, Газиантеп, Эскишехир жана Коньядан кийин кенже лейтенант Сулейман Дилбирлигинин туулган жери Кахраманмарашка барат»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар