ТРТда "Алия" сериялы көрсөтүлөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия радио-телеберүү мекемеси-ТРТга ыраазычылык билдирди.

832695
ТРТда "Алия" сериялы  көрсөтүлөт

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Алия Иззетбеговичтин өмүр баянын «Алия» аттуу сериал менен экрандарга чыгара турганы үчүн Түркия радио-телеберүү мекемеси-ТРТга ыраазычылык билдирди.

Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн «Өлүмүнүн 14-жылында Алия Иззетбеговичти эскерүү» программасына катышып сөз сүйлөдү.

Сөзүндө ТРТнын «Алия» аттуу сериалын мактаган Эрдоган: «ТРТ башкаруучулугун ушундай абройлуу инсандын өмүр баянын сериалга айлантканы үчүн чын дилден куттуктаймын. Атайын жана тынымсыз эмгектенүүнүн чыгарылышы болгон бул сериалдын Алиянын дагы кеңири эл массасы тарабынан таанлышына өбөлгө боло турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.

Алиянын саясий, социалдык жана илимий мурасынын абдан жакшы корголушу керектигин белгилеген Эрдоган: «Алия сераилында ойногон бардык чеберлерибизге, операторунан айдоочусуна чейин бардык эмгеги өткөндөргө ыраазычылыкгымды билдиремин. Буюрса сериалдын ылайыктуу кызыгууну улутубуз багытында да көрө турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.

ТРТ-1 экрандарында чыга турган «Алия» сериалы, алдыбыздагы айдан тарта 6 бөлүм түрүндө көрсөтүлөт.

Көз караныдсыз Босния-Герцеговинанын алгачкы президенти Иззетбегович, 2003-жылы дүйнөдөн кайткан.



Тектеш кабарлар