Түркиянын сыймыгы «Түркия үнү» радиосуна мейман болду

Ampute улуттук курама футбол команданын оюнчулары «Түркия үнү» радиосундагы «Турмуштан үндөр» аттуу программага мейман болушту.

829905
Түркиянын сыймыгы «Түркия үнү» радиосуна мейман болду

Европа чемпионатынын финалында Англияны 2-1 эсебинде утуп алып чемпион болгон Ampute улуттук курама футбол команданын оюнчулары «Түркия үнү» радиосундагы «Турмуштан үндөр» аттуу программага мейман болушту.

Ар кимди сыймыктандырган, ысымдарын тарыхка алтын тамгалар менен жаздырган бул эр жүрөк баатырлар 9-октябрь түнү 41903 кишилик Стамбул Водафон Парк стадионун жык-жыйма толтурган күйөрмандары жана ТРТ экрандарындагы 80 миллионду кубанычка бөлөдү.

«Түркия үнү» радиосунда сезимдерин угармандар менен бөлүшкөн улуттук курама команда чемпиондукка жеткен жолдо көргөндөрүн түшүндүрүштү.

Ampute улуттук курама футбол команданын машыктыруучусу Угур Өзжан, оюндарга чемпиондук паролу менен чыккандарын, турнирдин алгач ирет Түркияда өткөрүлө турган болушунун себебинен кубоктун Түркияда калышын каалагандарын жана муну ишке ашыргандарын белгилеп өттү.

Команданын капитаны Осман Чакмак да чемпиондукка чоң кылдаттык менен даярдангандарын, чемпион болгондон кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын өзөдөрүн Президенттик комплекске чакыруусунун өзгөчө бир сыймык болгонун айтты.

Ampute улуттук курама футбол команданын оюнчуларынан бири Фатих болсо, «Өлкөнүн ар тарабында бул жеңиштен соң адамдар көчөлөргө чыгышыптыр. Кудум эле А улуттук футбол командабыздын 2002-жылдагы Дүйнөлүк кубокто үчүнчүлүктү алганы сыяктуу сезимди, амбьянсты 2017-жылы 9-октябрында биз да жашаттык. Кандай бакыт бизге, кандай бакыт 80 миллионго. Бардыгына чоң рахматымды айтамын».

Ampute улуттук курама футбол команданын футболчусу Барыш болсо, «Чемпиондук оңой болгон жок. Биз көп жылдар бою жумшаган эмгек менен өлкөбүздө өткөн чемпионатта «бул кубок башка бир жерге кетпейт» дедик. Ушундай түрдө машыгууларыбызды уланттык. Мугалимдерибиз, капитандарыбыз, оюнчу жолдошторубуз менен бардыгыбыз чогуу чаран буга ишендик. Биз бул ишеничти уткан оюндар менен ТРТ үй-бүлөсү аркылуу сиздерге чагылдырдык. Ушундай түрдө бул беттешүүнүн Водафон Паркта ойнолушун кааладык. Биз бул кубокту ала турганыбызга ишенгенбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар