Түркиянын дүйнөлүк мурас тизмесине кирген аянттар таанытылууда
Маданият жана туризм министрлиги Айдындагы Афродисиас байыркы шаарынын бул жылы ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине кириши менен бирге аракетке өттү.
Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесиндеги аянттары бир кинодо миллиондогон киши менен жолугушууда.
Маданият жана туризм министрлиги Айдындагы Афродисиас байыркы шаарынын бул жылы ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине кириши менен бирге аракетке өттү.
Түркиянын социалдык медиадагы таанытуу желеси Turkey Homeда ЮНЕСКО тизмесинде орун алган 18 тарыхый жана маданий аянттар фото – сүрөттөр жана видеолор менен таанытылды.
ЮНЕСКО бардык адамзаттын орток мурасы катары кабыл алынган дүйнөлүк баалуулуктарга ээ маданий жана табигый байлыктарды дүйнөгө таанытуу, коомдо аң - сезим жаратуу, жок болгон маданий жана табигый баалуулуктардын жашатылышы үчүн керектүү кызматташтыктын түзүлүшү максатында эл аралык мааниге ээ жана коргоого боло турган табигый түзүлүштөргө, эстеликтерге «Дүйнөлүк мурас» статусун берүүдө.
Келишимди кабыл алган мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКОго кайрылуусу менен башталган, адистердин баа беришинин акырында талапкер байлыктар дүйнөлүк мурас комитетинин чечиминин негизинде бул статуска жетишүүдө.
Тектеш кабарлар
Гөбеклитепе жана Сүмеланы кыдыргандардын рекорду жаңырды
Түркиянын тарыхый жерлерин кыдырган туристтердин саны күн өткөн сайын өсүүдө.