Кытайда 66 миллион жылдык крокодилдин калдыгы табылды

Крокодилдин бою бир жарым метр болгон

749141
Кытайда 66 миллион жылдык крокодилдин калдыгы табылды

Кытайда б.з.ч 145-66 миллион жылдардын аралыгында жашаганы божомолдонгон крокодилдин сөөгү менен динозаврга таандык 6 башка сөөк калдыгы табылды.

«Синхуа» агенттигинин маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Йенжи шаарынын Лонгшан кыштагында май айынан бери жүргүзүлүп жаткан казуу иштеринде көптөгөн сөөк калдыктары чыгарылды.

Археологдор б.з.ч 145-66 миллион жылдардын аралыгында крокодилдер менен динозаврлардын чогуу жашаганын белгилеп, казуу иштеринде дагы көп сөөктүн түрүнө кездешүүнү күтүп жаткандарын билдиришти.

Кытайда бир канча күн мурда да Сычуань провинциясында көптөгөн айга созулган казуулардын негизинде 800 жылдан бери дайынсыз болгон Фуган храмы табылган болчу. Ошондой эле археологдор б.з.ч 1600-285 жылдардын аралыгында өкүм сүргөн Ко жана Шан династияларына таандык 80 байыркы мүрзө, бир миңден ашуун чопо таблеткалар жана 500гө жакын айкелди жарыкка чыгарышкан болчу.



Тектеш кабарлар