Сириялыктардын жашоосу түшүндүрүлгөн кинотасма Мадриддеги фестивалга катышат

Кинотасма Айдындын Боздоган району, Мугланын Ула районуна караштуу Гөкова кыштагы, Мармарис жана Стамбулда тартылды

743555
Сириялыктардын жашоосу түшүндүрүлгөн кинотасма Мадриддеги фестивалга катышат

Өлкөсүндөгү жарандык согуштан качкан сириялыктардын жашоосун жана күрөшүүсүн чагылдырган «Мор уфуклар» (Кара көк горизонттор) кинотасмасы 8-15-июль күндөрүнүн аралыгында 6-Мадрид кинофестивалында жарышат.

Кинотасма «Эң мыкты режиссер» номинациясында Олгун Өздемир, «Эң мыкты актриса» номинациясында Зейнеп Севи Йылмаз, «Эң мыкты жардамчы актриса» номинациясында Эже Өздикижи жана «Эң мыкты монаж» номинациясында болсо Семих Гүлжүоглу менен 4 номинацияда сыйлык күтөт.

Айдындын Боздоган району, Мугланын Ула районуна караштуу Гөкова кыштагы, Мармарис жана Стамбулда тартылган кинодо Сириядагы согуштун курмандыктарынан Мерьемдин жашоосу түшүндүрүлүүдө. Кинотасмада Мерьемдин үй-бүлөсүн болсо Сириядан качып келген баш калкалоочулар чагылдырышты.



Тектеш кабарлар