ТРТнын Радио күндөрү белгиленип жатат
Бурсадан кийин Измирдин «Гүндогду» аянтында ТРТнын Радио күндөрү иш-чараларынын алкагында Радио айылы курулду.
Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) радиолору 90 жылдыгын угармандары менен бирге белгилеп жатат.
Бурсадан кийин Измирдин «Гүндогду» аянтында ТРТнын Радио күндөрү иш-чараларынын алкагында Радио айылы курулду.
Обого айнек студиядан жана чатырлардан чыгып жаткан иш-чарада ТРТнын ыр чеберлери да концерт берүүдө...
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, иш-чарадагы сөзүндө: «Күнүмдүк турмушта анчалык байкалбаган, көп алдыга чыкпаган, бирок муну менен катар кем болгонун сезгенибизде бизди чындап эле тынчсыздандырган нерсе болуп саналат радио. Ошон үчүн да буюрса эч качан кем болбойт жана бул толкундануунун үнүн, сыйкырын чагылдыра тургандай түрдөгү радио менен уланат»,-деп айтты.
90 саат тынымсыз обого чыгып рекордго жетишкен ТРТнын Радио автобусу да жол тартуусун Измирде аяктады.
ТРТнын Радио бөлүмдөрүнүн башчысы Амбер Түркмен, Анталья, Мерсин, Диярбакыр, Эрзурум, Трабзон, Стамбул, Бурса жана Измирди кадам-кадам кыдырып конок болгон ТРТнын Радио автобусунан жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз эфирдин дүйнөлүк рекорд болгонун белгилеп: «90 саат бою эч токтобостон уланган программа дүйнөдө алгач ирет аткарылууда. Анын үстүнө оң жактары да бар. Бул Түркияны кыдырган автобустун ичинен чыгып жатты»,-деди.
Измирдеги ТРТнын Радио күндөрүн белгилөө иш-чаралары 7-майда соңуна чыгат.