Түрк аба жолдору «Айла» аттуу киного демөөрчү болду
Кинону Түркия менен Түштүк Корея биргелеше тартты
Түрк аба жолдору, Түркия менен Түштүк Корея биргелеше тарткан «Айла» аттуу киного траспорт жагынан демөөрчү болду.
Корея ардагери Сулейман менен кореялык жетим кыз Айланын көптөгөн жылдардан кийин кайрадан жолугушуусун чагылдырган драмалык тасма, Түркия менен Түштүк Кореянын дипломатиялык алакаларынын 60 жылдыгына карата тартылды.
Режиссерлугун Жан Улкай аркалаган кинотасмасынын сценарийин Йигит Гүралп жазды. Түрк аскери Сулейманды Четин Текиндор менен Исмаил Хажыоглу жандандырган фильмде «Айла» ролун «Reply 1988» киносунда орун алган бала оюнчу Ким Сеол менен кореялык акстриса Lee Kyung Jin аткарат. Кинотасманын музыкалары болсо Фахир Атакоглуна таандык.
Түштүк Кореядагы Чусок майрамына карата октябрь айында көрсөтүлүшү пландалган бул фильмдин көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланаары күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.