Исламофобияга каршы Мевлананын осуяттары...

Исламофобияга каршы Мевлананын үйрөткөндөрү мисал катары берилиши керек.

661956
Исламофобияга каршы Мевлананын осуяттары...

Конья түрк мистикалык музыка тобунун директору Фахри Өзчакыл, Мевлананын кылымдар мурдагысынан бери нур чачканын белгилеп, дүйнөдө болуп жаткан хаос чөйрөсүнүн анын чыгармалары менен жок болуп тынчтыкка жетише турганын айтты.

Өзчакыл дүйнөдө мусулмандарга каршы жамандоо компаниясынын кеңири жайылып уланганын баса белгилеп, террордук окуялардын мусулмандарга жүктөлүүгө аракет кылынганын айтты.

Өзчакыл: «Исламды чындап жашаган эч бир мусулмандын адамдарга зулумдук кылыш үчүн иштеши мүмкүн эмес»,-деди.

Фахри Өзчакыл, исламофобиянын дүйнөдө кеңири жайылганына көңүл буруп, «Муну кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Исламият өзүндө коркулса боло турган болбогону сыяктуу, толук түшүнүк менен тынчтык менен жашала турган, адамдарга туура жолду көрсөткөн жана сунуштаган дин болуп саналат. Исламофобияга каршы калкан катары Мевлана жана анын философиясынын мисал катары көрсөтүлүшү керектигин ойлоодомун»,-деп айтты.

Мевлананын чагылдырган тынчтык сезиминен пайдаланыш үчүн анын сунуштарына баш ийиш керектигин айткан Өзчакыл: «Азирети Мевлана берген билдирүүнүн негизинде, Куран-ы Керим жана сүннөткө ылайыктуу жашоо формасына кездешебиз. Азирети Мевлана 800 жыл мурдатан эле учурубузга бул билдирүүнү жолдоптур жана анын нуру жалгыз эле мусулмандарга эмес, бизге жана бүтүндөй адамзатка чыгалышкан»,-деди.

Месневини алып караганда Курандын ичи жана өзү болгонун баса белгилеген Өзчакыл; Мевлана «Месневи», «Диван-ы Кебир», «Фихи Ма Фих» «Мектубат» жана Межалис-и Себа» чыгармаларында адеп-ахлак жана туура жолду сунуштаган. Месневи курандын ачыктоолор менен жазылган фомасы жана анда аңгемелери менен көп маалыматтарды берүүдө. Азирети Мевлана китептеринде берген бул маалыматтарында, кантип адам адам боло алаары жана жашаса боло турганы темасында ачыктап берүүдө»,-деди.

Бул сунуштарга баш ийилгенде дагы ачык жана эркин чөйрөдө жашоонун мүмкүн боло турганын айткан Өзчакыл: «Азирети Мевлана 7 осуятынын биринде каардануу жана ызырынууда өлүк сыяктуу болушубузду сунуштайт. 7 осуятын иликтеп көрсөк, дагы бай жашоо формасынын ичинде, жеңил, токтоо, тынчтык жана туугандык сезимдери менен жашай алабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар