Шеби-Арус башталууда

11 күнгө созула турган иш-чараларда 105 программа өткөрүлөт.

625297
Шеби-Арус башталууда

Дүйнө жүзүнө таанымал түрк ойчулу, акын жана мистик Мевлана Желаледдин Руминин 743-Вуслат (Жаратканга жолугуу) жылдыгына карата иш-чаралар бүгүн Конияда башталат.

11 күнгө созула турган иш-чараларда 105 программа өткөрүлөт.

Эскерүү иш-чаралары «шамды ойготуу», «сүйүү жана биримдик жүрүшү» менен башталат.

Андан соң Башкы штабдын төрагалыгынын «Мехтеран» оркестринин коштоосунда Азирети Пирдин күмбөзүнө барылып, дуба кылынат.

Иш-чараларда дискуссиялар, театр оюндары, көргөзмөлөр, концерттик программалар да орун алууда.

Сема аземдерин көргүсү келгендер билеттерин ebilet.konyakultur.gov.tr адресинен ала алышат.



Тектеш кабарлар