Кереметтүү "Алтынбешик" көлү

"Алтынбешик" көлү жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тартууда.

598253
Кереметтүү "Алтынбешик" көлү

Антальянын Ибрады районунда орун алган жер астындагы "Алтынбешик" көлү жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тартууда.

Минералдуу суусунан улам көгүлтүр түстө болгон бул көл, үңкүрдүн ичине чагылышкан жарыктар менен келгендерге укмуштуудай көрүнүш тартуулоодо.

Үңкүрдүн ичине кайыктар менен кирген туристтер сырдуу сапарга чыгышат.

Орто эсеп менен 1 миң 150 гектардык "Алтынбешик" улуттук паркынын аянтынын ичинде орун алган үңкүр, алгач 1966-жылы геолог Тимурчин Айген тарабынан аныкталган болчу.

Үңкүрдүн экинчи жана үчүнчү кабаттары жалгыз гана адис спелеологдор тарабынан иликтене алат. Бул бөлүмдөрдүн айрым жерлери көлчүк жана агын сууларга толгон...

Үңкүрдүн жалпы узундугу болсо 10 километрге жетет. Үңкүрдүн үстүңкү бөлүктөрү сталактит, сталагмит кыртышы түрүндө. Ошондой эле Памуккале сыяктуу травертиндер да бар.

Түркиянын эң чоң, дүйнөнүн болсо үчүнчү эң чоң жер астындагы көл болгон Алтынбешикте суунун жылуулугу жыл бою 18 градус бойдон турат.



Тектеш кабарлар