Экономика боюнча "Нобель" сыйлыгын кимдер алды?

Илимпоздорго 10-декабрда боло турган сыйлык тапшыруу аземинде бирден диплом, алтын медаль жана 8 миллион швеция кронунан турган акчалай сыйлыгы да берилет.

586747
Экономика боюнча "Нобель" сыйлыгын кимдер алды?

Быйыл 2016-жылда экономика боюнча "Нобель"  сыйлыгына америкалык Оливер Харт жана финляндиялык Бенгт Холмстром ылайык көрүлдү.

Оливер Харт жана Бенгт Холмстром келишим теориясына кошкон салымдарынан улам экономика тармагында "Нобель"  сыйлыгына ээ болду.

Швециянын Королдук илимдер академиясынын жазуу түрүндөгү жарыясында: «Заманбап экономикалар, сан жеткис келишимдер менен бириктирилип турат. Харт жана Холмстром өнүктүргөн жаңы структуралык түзүлүш, чыныгы турмуштагы келишимдери жана мекемелери менен катар келишим долбоорунун ыктымалдуу коркунучтарын түшүнүү жагынан да чоң мааниге ээ. Харт жана Хомстром, 1970-жылдарда келишимдин түзүлүшүн түшүмдүү аянт катары ортого салды. Андан кийинки жылдарда структурасынын ишке ашыруусун да изилдешти. Эң ылайыктуу келишимдүү түзөтүүлөргө байланыштуу анализдерди да бир топ тармакта саясат кылуунун интеллектуалдык негиздерин түздү», деп билдирди.

Оливер Харт жана Бенгт Холмстром 8 миллион швеция кронунан турган акчалай сыйлыгын тең бөлүшөт.

Илимпоздорго 10-декабрда боло турган сыйлык тапшыруу аземинде бирден диплом жана алтын медаль да берилет.

1969-жылдан бери 47-жолу таратылган жана 75 киши тарабынан алынган экономика сыйлыгы жалгыз бир гана жолу аял экономистке берилди. Элинор Остром 2009-жылы сыйлыкка ылайык көрүлгөн.

2016-жыл үчүн  медицина, химия, физика жана тынчтык боюнча "Нобель" сыйлыктары да өткөн аптада ээлерин тапкан. Нобель комитетинин быйылкы сыйлыктарга байланыштуу жарыясы бейшемби күнү боло турган Нобель адабият сыйлыгынын ээси белгилениши менен аяктайт.



Тектеш кабарлар