Жамала Стамбулда концерт берди

Жамала концертинде түрк тилинде ырларды аткарды

554514
Жамала Стамбулда концерт берди

Евровидени ыр конкурсунда «1944» аттуу ыры менен биринчиликти алган Крым татары ырчы Жамала Стамбулда концерт берди. Концертте англис жана түрк тилинде ырларды аткарган Жамала «Ата мекен» аттуу ырын аткаргандан мурда : «Биз мекенибизден башка жерде жашаган кандай болорун абдан жакшы билебиз, мекенибизден алыста сүргүндө жүрдүк, бирок баш калкалай турган мекенибиздин бар экендигин билебиз.  Мекен үчүн каза болгон бардык шейиттерди эскерем»,- деди.

Жамала : «Эми уруксат берсеңиздер сахнага мага мекенге болгон сүйүүнү үйрөткөн атамы чакыргым келет.»,- деп атасы Алим Жамалиддиновду сахнага чакырды. Жамаланын атасынын аккардеонунун коштоосунда аткарган «Мени кам тарттырба» атуу ыры угармандардын купулуна толду.

Жамала концертинде түрк тилинде «Севдалыйым», «Якма бени», «Дертлийим кедерлийим», «Ах Яндым», «Ярим, ярим» «Пенжереси йешил боя» аттуу ырларды да аткарды.



Тектеш кабарлар