Чили элдик балет тобу «Bafochi» EXPO 2016да
Чили элдик балет тобу «Bafochi» кыймылдуу бийлери жана ырлары менен абдан чоң кызыгуу көрдү
EXPO 2016 Антальяда сахнага чыккан Чили элдик балет тобу «Bafochi» кыймылдуу бийлери жана ырлары менен абдан чоң кызыгуу көрдү. Кичи Амфи театрында 8 кишилик оркестр коштогон «Bafochi» Чилинин улуттук баалуулктарын чогулткан ар башка маданияттардан үлгүлөрдү көрсөтүштү.
Балеттен заманбап бийге чейин Чили бийлеринен үлгүлөрдү көрсөткөн «Bafochi» тобу бийлери менен бирге түрдүү түстүү кийимдери менен да кызыгууларды тартты. Топ бий менен бирге ыр да ырдады. 2012 – жылы каза болгон Нешет Эрташтын «Яныйорум» аттуу түркүсүн аткарган топ элдин купулуна толду.
Хареографиясын Педро Гажардо Эскобар аткарган топ курулган күндөн баштап 40 өлкөдөгү 950 шаарда, 5 миң 500дөн ашуун чыгармачылык иш чарага катышып, 105 эл аралык сыйлык алды.
Тектеш кабарлар
Түркия Беларустагы китеп жарманкесине катышты
Минсктеги китеп жарманкесин 17-мартка чейин кыдырууга болот.