"Учкан шыпыргы" фестивалы

Фестивалдын биринчи киносу "Баглар"

484995
"Учкан шыпыргы" фестивалы

Борбор шаар Анкарада бул жылы «Сүйүү деген эмне» деген темада «19 -  Учкан шыпыргынын Эл аралык аял кино фестивалы» башталды.

Аял режиссерлордун тарткан кинолору чагылдырылган фестиваль «Кызылырмак» кино – театрында «Баглар», «Түндүк аймагы» жана «Ванктын балдары» аттуу кинолордун көрсөтүлүүсү менен ачылды.  Берке Баш жана Мелис Бирдер жазып режиссерлугун аткарган «Баглар» киносу фестивалдын биринчи киносу болду. Белгилүү немис режиссер Моника Треуттун бул жылы Берлиналеде биринчи көрсөтүүгө кирген «Кузей бөлгеси» фестивалдын экинчи киносу болду. Фестивалдын үчүнчү киносу режиссеру Незахат Гүндоган болгон «Ванктын балдары» болду.

Мамлекеттик опера жана балетинде 6 -  майда боло турган ачылуу аземинде болсо «Учкан шыпыргы» сыйлыгын Селда Алкор алат. «Билге Олгач ийгилик» сыйлыгын даректүү кино тартуучу Мерйем Явуз жана Түлай Бурса  бөлүшөт.

Фестивалдын бул жылкы тема сыйлыгы Диярбакырда болгон жардырууда эки бутунан ажыраган жаш режиссер Лисан Чаланга берилет. Фестивалда аял режиссерлор тарткан кинолор «Кызылырмак» кино – театрында  анкаралык көрүүчүлөр менен жолугушат. Жабылуу азем менен «Fıpreci сыйлыгын» ала турган кино да 12 -  майда ошол эле жерде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар