Приштинада жаз музыкасынын жумалыгы башталды
Иш-чара 16-апрелге чейин уланат
Юнус Эмре институту тарабынан уюштурулган 5-Түрк жаз музыкасынын жумалыгы Косовонун борбору Приштинада башталды.
Приштина жана Яковада 12-16-апрель күндөрүнүн аралыгында ар түрдүү концерттер менен улана турган Түрк жаз жумалыгынын биринчи түнүндө Мержан Деде сахнага чыкты.
Приштинадагы Жаштар сарайында болгон концертке музыка сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Түрк жаз музыкасынын жумалыгынын ачылышында сөз сүйлөгөн Түркиянын Приштинадагы элчиси Кывылжым Кылыч, элдин кызыгуусун тарткан иш-чарага катышып жатканы үчүн абдан толкунданганын жана сыймыктанганын белгилеп, мындан мурдагы жылдарда көрсөтүлгөн кызыгуудан улам иш-чаранын быйыл бешиничисинин өтүп жатканын айтты.
Юнус Эмре институтунун Балкан өлкөлөрү боюнча координатору Рахман Адами да Түрк жаз жумалыгынын Косоводо салтка айлангандыгын сөз кылды.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.