Түрк аба жолдору демөөрчү болгон фильмдин бет ачары болду

Кинотасма 25-мартта кино залдарда көрсөтүлө баштайт

456591
Түрк аба жолдору демөөрчү болгон фильмдин бет ачары болду

Түрк аба жолдору демөөрчү болгон «Бэтмен Суперменге каршы: Адилеттүүлүктүн таңы» аттуу фильмдин Европадагы бет ачары Англиянын борбору Лондондо өткөрүлдү.

Кинонун бет ачарына атактуу актер-актрисалардан Бен Аффлек, Жейсон Момоа, Генри Кавилл, Марк Хэмилл, Эми Адамс, Галь Гадот жана режиссер Зак Снайдер менен Түрк аба жолдорунун жооптуу кызматкерлери катышышты.

Бэтмен менен Супермен карама-каршы келген кинотасмада Түрк аба жолдорунун учагында кыскача тартылган көрүнүш бар.

25-мартта кино залдарда көрсөтүлө баштай турган тасма, Түрк аба жолдорунун учактарында да көрсөтүлмөкчү.



Тектеш кабарлар