Дүйнөдө 63 миллион кыз бала мектепке барбайт
ЮНЕСКОнун отчетуна караганда, дүйнөдө 63 миллион кыз бала мектепке барбайт.
ЮНЕСКО, дүйнөдө 63 миллион кыз баланын билим ала албаганын жарыялады.
БУУнун билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун отчетуна караганда, дүйнөдө 63 миллион кыз бала мектепке барбайт.
Уюм бул кыздардын орто эсеп менен жарымына жакыны башталгыч мектеп чагында болгонун, жаштары 11-16 жаш курагындагы 16 миллион кыз баланын эч качан окуп жазууну үйрөнүү мүмкүнчүлүгү болбогонун жарыялады.
Отчетто дүйнөдө мектеп чагында болсо дагы окууга бара албаган эркеr балдардын саны 8 миллиондун тегерегинде экени баса белгиленди.
ЮНЕСКО кыз балдары менен эркеr балдардын ортосундагы эң чоң теңсиздиктин араб өлкөлөрү, Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрү, Түштүк жана Батыш Азия өлкөлөрүндө кездешкенин белгиледи.
Анда өзгөчө Түштүк Cудан, Либерия, , Эритрея сыяктуу өлкөлөрдөгү кыз балдардын билим алуу темасында абдан кыйынчылыктарды тартканына көңүл бурулду.
ЮНЕСКОнун статистикаларына караганда бул өлкөлөрдө 15 жаштын астындагы кыз балдарынын 60 пайыздан көбү мектепке барбайт.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.