АКШда Түрк күнү жүрүшү өттү

Манхэттендеги атактуу Мэдисон көчөсүндө уюштурулган Түрк күнү жүрүшүнө кызыгуу көп болду.

278043
АКШда Түрк күнү жүрүшү өттү

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаары ак-кызыл түскө бөлөндү.
Түрк-Америка коомдорунун федерациясы тарабынан быйыл 34-уюштурулган Түрк күнү жүрүшү менен түрктөр дагы бир жолу «Биз да бул жердебиз» деген ураан чакырышты.
Манхэттендеги атактуу Мэдисон көчөсүндө уюштурулган Түрк күнү жүрүшүнө кызыгуу көп болду.
Америка Кошмо Штаттарынын төрт тарабында жашаган түрктөр бул маанилүү күндү белгилөө үчүн Нью-Йоркко чубашты.
Жүрүш Түркиянын таанытылышына да салым кошту.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынан катышуучулар да жүрүшкө көрк кошушту. Жүрүштө эң чоң кызыгууну тарткан Мехтер Тобу болду. Нью-Йорктун көчөлөрүндө дагы бир жолу Мехтер маршы жаңырды. Катышуучулар жүрүштөн кийин уюштурулган фестивалдын алкагында, түрк ырлары жана бийлерин көрүү мүмкүнчүлүгүн да табышты...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар