Зеки Алася каза болду
Түрк кино жана театрынын эң белгилүү оюнчу жана режиссерлорунан Зеки Алася каза болду
23 - апрелде дарыланып жаткан ооруканада 72 жашында дүйнөдөн кайтты. 1959 - жылы чыгармачылык жолун баштаган Зеки Алася театрларда оюнчу, жазуучу, режиссер болуп иштеди. 1973 - жылы баштаган кино актерлугу 37 жылга созулду. 1998 - жылдан бери Мамлекеттик артист болгон Алася 2010 - жылы «Алтын апельцин» өмүр боюу сыйлыгын алган.
Президент Р. Т. Эрдоган көңүл айтып : «Урматтуу актерубуз Зеки Аласянын жаткан жери жайлуу болсун, үй – бүлөсүнө, сүйгөндөрүнө, санат дүйнөсүнө көңүл айтам»,- деди.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик болсо : «Түрк театр жана киносунун чебер ысымы Зеки Аласянын каза болушу кайгылантты.Чебер санатчы өлкөбүз үчүн абдан чоң жоготуу»,- деди.
Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Аласянын жакындарына көңүл айтуусун социалдык медиа акрылуу билдирди.
Тектеш кабарлар
Гөбеклитепе жана Сүмеланы кыдыргандардын рекорду жаңырды
Түркиянын тарыхый жерлерин кыдырган туристтердин саны күн өткөн сайын өсүүдө.