"Токтогул" китеби TASAMда сыйлык алды

TASAMдын Дүйнө түрк форуму Стамбулда өттү.

249237
"Токтогул" китеби TASAMда сыйлык алды

Стамбул шаарында Түркия-Азия стратегиялык изилдөөлөр борбору (TASAM) уюштурган дүйнө түрк форумунун алкагында «Коомдук дипломатия, медиа жана маалымат» аттуу башкы теманын астында жыйын өттү. TASAMдын төрагасы Сулейман Шенсой ачылыш сөзүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сунушу менен Түрк Кеңешинин да быйылкы темасы «Коомдук дипломатия, медиа жана маалымат» деп белгиленгендей TASAMдын да буга салымы болсун деген максат менен ушул тема тандалганын белгилеп кетти. Карабах маселеси жеке эле Түркия-Азербайжан-Армения ортосундагы маселе болуудан чыгып, түрк түшүнүгү маселесине айланганын, ошондуктан бул процессти дагы кеңири эл аралык масштабда кароо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле Казакстандан Эл аралык Түрк академиясынын төрагасы проф. Дархан Кыдырали, Түрк академиясы орток түрк тарыхын жазып чыкканын маалымдап, түрк тилдүү мамлекеттердин президенттери бекиткенден кийин бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн балдары орток тарых окуй турганын айтты. Жыйындын акырында TASAM уюштурган «Кызыл Алма» сыйлыктары тапшырылды. Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова жазып казак, өзбек, түркмөн, азербайжан профессорлору менен бирге алардын тилине которулган «Токтогул-ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр» аттуу китеби үчүн сыйлык алды. Ошондой эле Көчмөндөр оюунунун уюштуруучуларына ыйгарылган сыйлыкты Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун консулу ээлерине жеткирүү үчүн өткөрүп алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар