Мерсиндик Лачин дүйнөдө үчүнчү орунду алды

8 жаштагы Лачин Акйол 23 жарышчыны артта калтырып дүйнө үчүнчүсү болду

231031
Мерсиндик Лачин дүйнөдө үчүнчү орунду алды

Мерсин университетинин мамлекеттик консерваториясынын скрипка бөлүмүнүн окуучусу 8 жаштагы Лачин Акйол Бельгиянын Намур шаарында өткөрүлгөн Эл аралык Grumiaux жаш скрипачтар конкурсунда өз категориясында 23 жарышчыны артта калтырып дүйнө үчүнчүсү болду.
Германия, Франция, Орусия, Эстония, Сингапур, Япония, Финландия, Латвия, Бельгия, Литва, Голландия сыяктуу дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн жаш скрипачтар катышкан конкурста Лачин Акйолдун аты «үмүт берген скрипачтар» тизмесине жазылды.
Лачин Акйолдун скрипка санатчысы ата – энеси 2 айлык даярдык менен бул жыйынтыкка жетишүүсүнүн күтүлбөгөн нерсе экенин айтышты. Келечектин срипка виртуозу деп көрсөтүлгөн Лачин болсо катышкан биринчи конкурста даражага кирүүсүнүн өзүн да кубантканын баса белгилеп, дагы көп эмгектенип эл аралык тармакта солист скрипач катары концерт берүүнү максат кылганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар