ТРТда дагы бир семинар болду

ТРТнын кабар жана спорт берүүлөрүнүн семинары өттү.

239637
ТРТда дагы бир семинар болду

Түркия радио жана телеберүү мекемесинен башкаруучу, кабарчы жана продюсерлер катышкан семинарда, кабар жана эфир боюнча маселелер талкууланды.
ТРТнын «Аднан Өзтрак» атындагы конференция залында уюштурулган семинарда, ТРТнын имиджи, кабарчылык принциптери жана берүүдө туш болгон маселелер каралды.
ТРТнын баш директору Шенол Гөка бул жердеги сөзүндө ТРТнын коопсуздугун баса белгиледи.
Гөка: «Үстөлгө олтуруп алып же талаада, жасалма, сцена же сценарий түрүндө эч качан кабар өндүргөн жокпуз. Эң ишеничтүү болуу наамы дагы эле бизге таандык»-деди.
ТРТнын мурда болгону сыяктуу бүгүн да эң ишеничтүү канал болуу өзгөчөлүгүн сактаганына көңүл бурган Шенол Гөка, коомдук сезимталдыктарга көңүл бурулушу керектигин баса белгилеп, мамлекеттик берүүнүн маанисине токтолду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар