Алтын аюу сыйлыгын «Такси» аттуу кино тасма жеңип алды

Берлин кино фестивалында (Berlinale) Алтын аюу сыйлыгы ирандыктарга буюрду.

219175
Алтын аюу сыйлыгын «Такси» аттуу кино тасма жеңип алды

65-Эл аралык Берлин кино фестивалында (Berlinale) Алтын аюу сыйлыгы ирандык режиссер Жафар Панахинин «Такси» аттуу кино тасмасына берилди.
Германиянын борбор калаасы берлинде өткөрүлгөн фестивалдын сыйлыктары Berlinale Паластагы аземде ээлерин тапты.
Алтын аюу сыйлыгын жеңип алган Жафар Панахи өлкөсүнөн чыгуусуна тыюу салынганы үчүн аземге катыша алган жок. Ирандык режиссердун ордуна сыйлыкты жээни алды.
Калыстар тобунун чоң сыйлыгына Пабло Ларраин башкарган «Эль-клуб» фильми ылайык көрүлсө, эң мыкты режиссер тармагында Күмүш аюу сыйлыгын «Азамат!» аттуу кино тасмасы менен катышкан румын режиссер Раду Жуд жана «Боди» аттуу кино тасмасы менен катышкан польшалык режиссер Малгожата Цумовска бөлүшүштү.
Эл аралык калыстар тобу эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгын «45 жыл» кино тамсасында ойногон Том Кортниге ыйгарса, эң мыкты аял оюнчу сыйлыгына ошол эле кинодогу ролу менен Шарлотте Рэмлингди ылайык көрүштү.
Эң мыкты сценарий тармагында Күмүш аюу сйылыгын «El Boton de Nacar» кинотасмасы менен чилилик Патрисио Гусман алса, фестивалдын «Berlinale Shorts» аттуу кыска метраждуу фильм сынагында эң мыкты кино тармагында Алтын аюу сыйлыгын түштүк кореялык режиссер На Йонг-Килдин «Осанна» аттуу тасмасы жеңип алды.
Кыска метраждуу тасмалардын арасынан калыстар тобунун сыйлыгы категориясында Күмүш аюу сыйлыгын АКШлык Жоанна Арноунун «Bad at Dancing» аттуу тасмасы алды.
Берлинде 5-февралда башталган 65-Эл аралык Берлин кино фестивалында 72 өлкөдөн 441 тасма көрсөтүлүп, 19 тасма Алтын аюу жана Күмүш аюу үчүн жарышышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар