4 түрк шаары экономика жаатында дүйнөдөгү шаарлардан озуп чыкты

Эң ылдам өскөн мегаполистердин тизмесинде Измир, Бурса, Анкара жана Стамбул алдыңкы 10 шаардын ичине кирди.

218333
4 түрк шаары экономика жаатында дүйнөдөгү шаарлардан озуп чыкты

4 түрк шаары экономика жаатында дүйнөдөгү шаарлардан озуп чыкты.
Борбору Вашингтондо орун алган изилдөө мекемеси Brookings институту менен JP Morgan Chase тарабынан даярдалган «Global Metro Monitor- 2014» отчетуна караганда эң ылдам өскөн мегаполистердин тизмесинде Измир, Бурса, Анкара жана Стамбул алдыңкы 10 шаардын ичине кирди.
Отчетту даярдаган топтон аналитиги Иисус Трухильо бул абалдын акыркы жылдарда көрсөтүлгөн күчтүү экономикалык ийгиликти чагылдарганын белгиледи.
Иисус Трухильо Түркияда киши башына түшкөн улуттук кирешенин акыркы 10 жылда 50 пайыздын үстүндө өсүү көрсөткөнүн баса белгилеп, 2014-жылы чоң секиркти мурдагы жылы элүү экинчи орунда турган Стамбул көрсөткөнүн белгиледи.
Иисус Трухильонун баамдашынча бул секириктин себеби күчтүү экономика менен жумуш орундарынын артышы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар