Пикассонун картинасы 31, 5 миллион долларга сатылды

Сотбис аукцион үйүндө өткөрүлгөн сатууда 50 чыгарма жалпы 219 миллион долларга сатылды

63963
Пикассонун картинасы 31, 5 миллион долларга сатылды

Испаниялык художник Пабло Пикассонун «Куткаруу» аттуу картинасы Нью – Йорктогу аукциондо 31, 5 миллион долларга сатылды. 20 – кылымдын эң негизги художниктеринин бири катары кабыл алынган жана Кубизм агымынын куруучуларынан болгон Пикассонун 1932 – жылы бүтүргөн чыгармасы атынын билдирилүүсүн каалабаган бир коллекциячы тарабынан сатып алынды. Сотбис аукцион үйүндө өткөрүлгөн сатууда 50 чыгарма жалпы 219 миллион долларга сатылды.

Аукциондо францз художник Генри Матиссенин 1924 – жылдагы «Эрте менен иштөө» аттуу чыгармасы 19, 2 миллион долларга, француз импрессионист художник  Клод Моненин «Япон көпүрөсү» аттуу картинасы да 15, 8 миллион долларга сатылды. Монтенин «Суу лилиясы» аттуу картинасы кечээ Кристи аукцион үйү өткөргөн аукциондо 27 миллион долларга сатылды. Кристи Пикассонун 1942 – жылдагы «Дора Маардын портрети» аттуу чыгармасынын да 22, 5 миллион долларга сатылганын билдирген болчу.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар