Күн тартиби - 34

Канкордун бармак изи.

794717
Күн тартиби  - 34

АКШнын мурунку президенти Барак Обама орундугу менен коштошуусуна бир канча ай калганда  Европанын түндүгү менен Балкандардын батышында абдан кызыктуу саясий жана аскердик кризистер болду.

Йылдырым Беязыт университетинин тарых бөлүмүнүн мугалими Эрдал Шимшектин бул тууралуу баа берүүсү....

Күтүлбөгөн жерден орустардын аскердик чалгындоо учактарынын НАТОго мүчө Түндүк Европа өлкөлөрүнүн аба аянтын бузду деген кабарлар чыкты. Бул кабарлардан кийин АКШ жана НАТО катуу дипломатиялык кабарларды жарыялашты. Кыска убакыттан кийин да АКШ Европага курал өткөрүүнү ортого салды. Бул маселе талкууланып, орус учактары бул жолу Чыгыш Европа жана Балкандардагы НАТО жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн аба мейкиндигин бузгандыгы тууралуу кабарлар эл аралык агенттиктер тарабынан жарыяланды. Бирок кээ бир агенттиктер өткөн күндөрдө мындай манипуляциялык кабарларды таркатуусунан улам бул кабалар шектенүү менен кабыл алынууда. Бирок ошол эле учурда дүйнөнүн эң ишенимдүү маалымат агенттиктеринин башында турган Түркиянын расмий кабар агенттиги болгон Анадолу агенттиги да ошол эле кабарларды кенен түрдө берди.

Анадолу агенттигинин бул кабарлардан кийин Балкандардын кайрадан курал сактоочу жерине айланарына байланыштуу согуш жана эл аралык карым – катнаштар тууралуу иштеген биз журналисттер коомчулукка ачык медиа органдарында жана maillдерде олуттуу талкуу жүргүздүк. Бул талкуулардын акырында Балкандардын жана Чыгыш Европанын кайрадан куралдар сакталуучу жерге айланат деген пикир пайда болду. Бул пикир 25 жылдык журналист болгон бизди тилекке каршы туура чыгарды. АКШ Чыгыш Европага миңдеген тонна курал, ок  - дары жана аскердик унааларды чогултту. Бул курал топтоонун акырында орус учактарынын Франция жана Бириккен Королдуктун аба мейкиндигин бузгандыгы тууралуу кабарларды жарыялады.

Британия  абдан катуу карышылык көрсөтүп деңиз жана аба күчтөрүнө «алдына алуучу чара» буйругун берди. Британиянын аба жана деңиз күчтөрү өлкөлөрүнүн деңиз жана аба аянтын коргоо үчүн аракетке өттү. Дүйнө бул болуп жаткан абалдар менен алектенип, АКШ аскердик кемелеринин Кытай сууларын, Кытай аскердик кемелерин жапон сууларын, жапон аскердик кемелеринин Кытай жана орус сууларынын чектерин бузгандыгы тууралуу маалыматтар келди. Бул өлкөлөр өнүккөн куралдар менен камсыздалган аскердик кемелерин Кытай деңизи, Жапон деңизи жана Тынч океанга жиберди. Орустар Кытай жана жапондор менен кесилишкен сууларынын чек арасын бузууга аракет кылды. Ошол эле мезгилде  орус аскердик учактары башта Түркия болуу менен Кара деңизге жээги болгон өлкөлөрдүн аба мейкиндигин бузууга аракет кылды. Орусиянын чек араларын бузган өлкөлөрдүн баары НАТО мүчөсү жана ошол эле учурда  АКШ менен союздаш болушу көңүлдөрдү бурууда. Орустардын Кара деңиздеги бул аракеттерине каршы АКШ Кара деңиздеги аскердик күчүн дагы да арттыра турган чараларды көрдү. НАТО Түркия жерлери аркылуу Орусияга каршы база курууну сунуш кылды. Бирок Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган бул сунушту четке какты. Антпегенде Түркия да бул  оюндун бир бөлүгү болуп калмак. Андан кийин Түндүк Кореянын ракета сынактары менен Американын Корея деңизине аскер чогултуу окуялары келди. Андан кийин Филиппиндер, Аракан кысыгы, Индия – Пакистан кагылышуусу жана Инд океаны аракетке өтүп, аймак өлкөлөрүнүн аскерлери кызыл сигналга өткөрүлдү. Бул бардык сигналдардын чыгымы абдан чоң. Үзгүлтүксүз сигнал чыгымдары өлкөлөрдүн бюджеттерине абдан оор жүк калтырып жатат. Булардын баары болуп жатканда жеке ичинде журналист катары күбө болгон Чыгыш Блогунун кулашынан мурунку абал келди көз алдыма. Мезгилдин АКШ президенти Рейган менен Советтер союзунун генералдык катчысы Леонид Брежневдин сандырактаган «Жылдыздар согушу» проектиси түштү эсиме. Ал мезгилдерде жумуш менен камсыз кылуу  ашыкча болгон. Технология өнүгүп жана адам күчүнө болгон талап азайып бараткан. Бирок жумушчу профсоюздары жана мекемелери бул өзгөрүүгө каршылык көрсөтүп жатышкан. Бирок бул мажбур түрдөгү өзгөрүүгө чечүүчү жол таба алышпай жаткан. Профсоюздардын иш таштоо толкундары батыштын эң күчтүү эки мамлекети АКШ жана Британия менен коммунист блоктун орчундуу өлкөсү болгон Польшада иш таштоо толкундары башталды. Тилектештик профсоюзунун төрагасы Лех Валеса Польшада баштаган иш таштоо менен Афганстандагы жеңилиши Орусиядагы коммунисттик режимди жок кылды. Англиянын премьер – министри “Темир Lady” лакаптуу Маргарет Тетчер менен АКШнын президенти Рейган  армиянын жардамы менен иш таштоону бастырууга аракет кылып мында да ийгиликтүү болушту. Ушундайча 1947 -  жылы  өндүрүш токтотулуп, технология эгемендүү болгон өндүрүшкө өтүлгөн. Азыр болсо дүйнөдө капитал топтолушу  абдан өстү.

Япония, Америка жана Европа капиталына каршы Кытай, Орусия, Корея жана ал түгүл чектерин ашкан түрк капиталы пайда болду. Бул капиталдын өндүрүш методуна  азыркы күндөгү базар шарттары жана мыйзамдары жетпейт.

Өндүрүш жана бөлүшүү түшүнүгүн жаңылаган капитал дүйнөнүн жаңыдан дизайны үчүн бизди актер  кылгандай. Себеби өзгөчө АКШ жана Европа Биримдиги экономикалары банкрот болгон. АКШнын бир гана коомдук карыздары 20 триллионго жакын. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Германиянын тышында көпчүлүгү банкрот болгон же банкрот болуунун босогосунда. Ушуга карбастан капиталдары мамлекеттерине караганда дагы күчтүү болуп турат. Жаңы өндүрүш жана түгөтүү методуна өтүү кансыз болот деп ойлойм. Болбосо канкордун бармак изи  окуядан мурда ортого чыкты...

Йылдырым Беязыт университетинин тарых бөлүмүнүн мугалими Эрдал Шимшектин баа берүүсү.



Тектеш кабарлар