Евразияга сереп салуу-47

Президент Эрдогандын Минскке сапары

617847
Евразияга сереп салуу-47

«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө президент Эрдогандын Минск сапары жөнүндө сөз кылабыз.

Президент Режеп Тайип Эрдоган 11-ноябрда Беларуска бир күндүк расмий иш сапары менен барып келди. Президент Эрдоганды аэропортто Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков тосуп алды. Кабинеттен төрт министр менен чогуу Минскке барган Эрдоган Көз карандысыздык сарайында беларустук кесиптеши Александр Лукашенко менен өз ара жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Анда эки тараптуу жана аймактык маселелердин каралганы белгиленди. Жолугушуунун аягында биргелешкен декларация менен катар тогуз келишимге кол коюлду.

Кол коюу аземинен кийин лидерлер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Эрдоган билдирүүсүндө эки өлкөнүн соода көлөмүнүн 1 миллиард доллар болушу керектигине көңүл бурду жана эки тараптуу соода алакаларында жергиликтүү акча бирдиктеринин колдонулушу темасында керектүү кадамдардын таштала алаарын маалымдады. 2017-жылдын биринчи жарымында эки өлкөнүн ортосунда өкмөттөр аралык Кошмо экономикалык комиссиянын жыйыны өтө турганын билдирген президент Эрдоган, бул сапар убагында чыгарылган чечимдерди жана макулдашылган келишимдерди ушул комиссиянын жыйынында байкоо сала тургандарын да кошумчалады.

Президент Эрдоган Беларустагы жагдайларга жакындан байкоо салып жаткандарын белгилеп: «Дүйнө жүзү аймактык маселелер менен күрөшүп жаткан мезгилде, Беларустун тынчтык жана  ырааттуулугун коргоого карата саясаттарын мактоо менен кубаттайбыз. Эл аралык мамилелерде да Беларусь бир жагынан тарапсыздыгын сактаса, экинчиден аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка оң салымын кошууда. Беларустун бул темадагы мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүнө, Түркия менен Орусиянын ортосундагы учак кризисинде жеке өзүбүз күбө болдук»,-деп айтты.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери Минскте кайрадан курулган Борбордук мечиттин ачылышын ишке ашырышты. Түркиянын Ички иштер министрлиги тарабынан 2 жылдын ичинде мурдагысына окшош салдырылган мечит, Беларустагы мусулмандар чогула турчу эң чоң жай болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

Андан соң Лукашенко менен Эрдоган Түркиядан 200, Беларустан 300 ишкер катышкан Түркия-Беларусь ишкердик форумуна катышышты. Бул бизнес форум Беларуста өткөрүлгөн эң ири иш-чара катары катталды. Президент Эрдоган Түркия-Беларусь ишкердик форумуна катышкандан кийин Түркиягы кайтып келди.

Президент Эрдогандын Беларуска сапары Түркиядан президенттик деңгээлде өткөрүлгөн биринчи сапар болушу жагынан маанилүү. Беларустун көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкө болгон Түркиянын  Беларусь менен эки тараптууу алакалары узун жылдар бою көмүскөдө калды. Беларустун президенти Лукашенконун 2010-жылдагы Түркияга сапарынан кийин өз ара мамилелер жандана баштады. Президент Лукашенко быйыл апрель айында Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышып, Түркияга экинчи сапарын ишке ашырган болчу.

Түркия-Беларусь карым-катнаштары «Учак кризисине» карабастан ырааттуу түрдө уланды. Орусиянын Түркияга киргизген санкцияларына каршы чыккан Беларусь Түркия менен Орусиянын ортосун жакындаштырууга аракет кылды. Президент Эрдоган муну Минск сапарында сөз кылды.

Эрдогандын Беларусь сапарынан кийин эки тараптуу мамилелердин өнүгөөрүн айта алабыз. Минскте жаңы Түрк элчилик имаратынын салынышы, учак каттамдарынын арттырылышы, 50дөн ашкан түрк фирмаларынын саны Беларуста эки эсе көбөйүшү жана Түркияда Беларусь тракторлору менен катар унааларын өндүргөн биргелешкен заводдордун курулуусу алдыбыздагы жылдарда ишке ашышы мүмкүн. Ал эми эки тараптуу алакалардын бекемделиши, өткөн жылы 204 миң болгон беларусиялык туристтердин санынын 1 миллионго чейин көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү өткөн жылы 400 миллион долларга чейин кыскарды. Президенттер максаттаган 1 миллиард доллардык соода көлөмү, жогоруда сөз кылынган биргелешкен завод курулуусу жана түрк фирмаларынын Беларусь менен иштеше баштаганда аткарылышы мүмкүн.

Минскте ачылышы өткөрүлгөн Борбордук мечит жергиликтүү татар азчылыгынын жана сандары жүз миңден ашкан Беларусь мусулмандарынын көз жаздымда калтырылбагандыгын көрсөтүшү жагынан маанилүү эле. Беларустун тарыхындагы эң ири бизнес форумдарынын бири болгон Түркия-Беларусь ишкердик форуму да эки тараптуу карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү жагынан келечекке үмүттүү карашыбызга өбөлгө түзүүдө.

 



Тектеш кабарлар