Евразияга сереп салуу-38

Чоң жыйырмалыктын саммити

574799
Евразияга сереп салуу-38

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Кытай Эл Республикасында өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын (G-20) саммити жөнүндө сөз кылабыз.

11-саммит Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин конок делегация жетекчилерин тосуп алуусу жана үй-бүлөлүк фотосүрөткө түшүүсү менен башталды. Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин ачылышында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сөз  сүйлөдү. Андан соң «Саясий макулдашууну күчтөндүрүү жана өсүү үчүн жаңы жол» аттуу иш алып баруу отуруму өткөрүлдү. Эки күнгө созулган саммитте эл аралык көйгөйлөр, экономикалык өсүү сыяктуу маселелер талкууланды. БУУнун жетекчилигинде башталган «2030-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү жакырчылыкты жоюу» максатына карата ташталган кадамдарга жана жол карталарына байланыштуу ой-пикирлер айтылды. Саммиттин аягында жыйынтык декларациясы жарыяланды.

Саммиттин жыйынтык декларациясында, эл аралык соода жана өнүгүүнүн жандандырылышы, жакырчылыктын жоюлушу, кеңири жана туруктуу дүйнөлүк өсүү, жаңылоочу экономикалык өсүү, терроризмге каршы биргелеше күрөшүү жана жумуш менен камсыздоонун көбөйтүлүшү баса белгиленди. Жаңылоочу дүйнөлүк өсүү модели менен эл аралык соода жана инвестиция кызматташуусунун арттырылуусу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө техникалык инфраструктура, энергетика жана адам капиталы сыяктуу темаларда керектүү жардамдын камсыздалышы керектиги айтылды. Ошондой эле Дүйнөлүк экономикалык форумдун аракеттери менен даярдалган өнүктүрүү отчетунун, 2017-жылы өткөрүлө турган Чоң жыйырмалыкка мүчө өлкөлөрдөн тийиштүү министрликтерге тапшырылышы күтүлгөнү билдирилди.

Терроризмге каршы биргелеше күрөшүүнүн мааниси баса белгиленген декларацияда, террор кайда болсо да финансылык булагы, техникалык инфраструктурасы сыяктуу элементтери изоляция кылына турганы белгиленди.

Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында көптөгөн чечүүчү сүйлөшүүлөр өткөрүлдү жана ондогон эки тараптуу келишимге кол коюлду. Түркия Европа Биримдигинин лидер өлкөлөрү менен төрт тараптуу жыйын өткөрдү. Ошондой эле саммиттин алкагында Париждеги климаттык өзгөрүү келишимин бекиткендерин көрсөткөн документтерди БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга тапшырышты.

Саммиттин акыркы отуруму өтүп жатканда, бул аймакта биз да жашайбыз дегенсип Түндүк Корея ракетасын сынады. Түндүк Кореяга каршы көрүлө турчу чаралар АКШ менен Кытайдын ортосунда чыңалуу жаратты. Ошентип Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин кезектешкен төрагалыгын Германия өткөрүп алды.

«Бир муун бир жол» долбоорун 2020-2050-жылдардын арасында бүтүрүүнү пландаган Кытай маанилүү жыйынды ийгиликтүү өткөрдү. Тарыхында биринчи жолу Чоң жыйырмалыктын саммитине жетекчилик кылган Кытай, бул уюштуруу аркылуу Американын гегемониясындагы батыштын үстөмдүгүнүн жоюлуп баратканын, жаңы кылымда чыгыштын дагы да маанилүү ролдорду милдеттенээрин көрсөткөн болду. Ансыз деле Чоң жыйырмалыкка мүчө өлкөлөрдүн арасында да өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн чыгыш өлкөлөрү экенин көрүүгө болот. Ушул алкакта Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон дүйнөлүк тартиптин кайрадан каралышы керектиги ачык айкын. БУУ менен катар өзгөчө батыштык финансы мекемелеринин структурасы кайрадан түзүлүүсү керек.

Саммиттин Ганчжоу шаарында өткөрүлүшү жана Казакстандын бул саммитке конок өлкө катары чакырылышы да Кытайдын Жаңы жибек жолу долбоорунда канчалык чечкиндүү экендигинин көрсөткүчү болуп саналат. Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Иран жана Түркия сыяктуу Евразиянын алдыңкы өлкөлөрү Жибек Жолу долбооруна кошулуп аймакты кайрадан дүйнөнүн ыңгайлуу борборлорунун бирине айландырышы мүмкүн.

Программаны даярдагандар Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар