Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-48
“Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.
Борбордук Азиядагы түрк республикаларынын Европа өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштары күндөн-күнгө жакшырууда. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевден кийин өткөн апта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да Европа өлкөлөрүнө иш сапары менен барды. Эми ушул жана башка маанилүү окуяларга көз чаптыралы.
Үстүбүздөгү жылдын 24-27-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Австрияда жана Германияда расмий иш сапары менен болду. Президент Жапаров 25-ноябрда Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен, Премьер-министри Карл Нехаммер жана Парламенттин спикери Вальтер Розенкранц менен өз-өзүнчө жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 6 келишимге кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Австриядан Германияга өтүп, Берлинде Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Германиянын ортосунда 17 келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында президент Жапаров Германиянын алдыңкы ишкерлери менен жолугушуп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүп берди.
Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 27-28-ноябрь күндөрү мамлекеттик иш сапары менен Казакстанда болду. Владимир Путин Астанада расмий азем менен тосуп алынды. Теть-а-теть жана делегациялар аралык жолугушуулардын жыйынтыгында Казакстан менен Орусиянын ортосунда 19 келишимге кол коюлду. Президенттер Токаев менен Путин кол койгон биргелешкен билдирүүнүн 36 беренени камтыганы Путиндин Казакстанга сапарынын жемиштүү болгонун айгинелеп турат. Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын онлайн катышуусу менен Башкортостандын борбору Уфа шаарында XX Казакстан-Орусия аймактар аралык кызматташтык форуму жана Омск шаарында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалынын ачылыш аземи болду. Эске сала кетсек, Казакстанда Орусиянын жети университетинин филиалдары иштейт.
28-ноябрь күнү Астанада Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммити болуп өттү. Саммитке Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия Федерациясы жана Тажикстандын президенттери, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчылары катышты. Саммиттин эң маанилүү жыйынтыгы катары Тажикстан-Ооган чек арасын бекемдөө боюнча бекитилген программаны көрсөтүүгө болот.
29-ноябрь күнү Саха Республикасынын Дарханы (Президенти) Айсен Николаев Кыргызстанга иш сапары менен келди. Президент Айсен Николаев Бишкекте Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушуп, эки тараптуу инвестиция боюнча сүйлөшүштү.
Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун ортосунда 26-ноябрда биргелешкен декларацияга кол коюлду. Бул декларация аты аталган уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
29-ноябрь күнү Будапештте Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин 16-жыйыны өттү. Жыйынга уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн аксакалдары катышты. 28-ноябрда Аксакалдар делегациясы Венгриянын улуттук парламентине барышты.
27-ноябрда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар альянсынын 10-Глобалдык форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Окуялардан көрүнүп тургандай, эл аралык түрк уюмдары дүйнөлүк масштабда иш-аракеттерин улантууда.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова