Түркия-ЕБ жогорку деңгээлдеги экономикалык жыйын өткөрүү пландалууда
Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Марта Кос Брюсселде Европарламенттин (ЕП) Тышкы иштер боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Түркиянын ортосунда 6 жылдан кийин жогорку деңгээлдеги экономикалык диалог жыйынынын өткөрүлүшү пландалууда.
Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Марта Кос Брюсселде Европарламенттин (ЕП) Тышкы иштер боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөдү.
«Түркиянын качкындарга жардам берүү тармагында жасагандарын жогору баалайбыз»,-деп айткан Кос, Евробиримдиктин өткөн жылы Түркия менен дагы көп диалог куруу чечимин чыгарганын эске салды.
Кос: «Март жана апрель айларында Түркия менен экономика темасында жогорку деңгээлдеги диалог түзүүнү пландап жатабыз»,-деди.
Түркия-Европа Биримдиги Жогорку деңгээлдеги Экономикалык диалог жыйыны акыркы жолу 2019-жылдын 28-февралында Стамбулда өткөн.
Евробиримдик комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен 17-декабрда экинчи мөөнөтүнүн алгачкы чет элдик сапарларынан бирин Түркияга жасап, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушкан.
Негизги темасы Сириядагы абалдар болгон жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында ЕБ экономика тармагында оң билдирүүлөрдү берди.