Электр унаа соодасы рекорд койду
Өткөн жылы 2023-жылга салыштырмалуу электр унаа соодасы дүйнө жүзү боюнча 25 пайызга өстү.
2230176

Өткөн жылы дүйнөлүк электр унаа соодасы 17,1 миллион менен рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Улуу Британияда жайгашкан Rho Motion изилдөө компаниясы жарыялаган 2024-жылдагы электр унаа сатууларына байланыштуу маалыматка ылайык, өткөн жылы 2023-жылга салыштырмалуу электр унаа соодасы дүйнө жүзү боюнча 25 пайызга өстү.
Бул өсүштүн негизинде 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 17,1 миллион электр унаа соодасы менен рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Өткөн жылы электр унаа соодасы жалпы 17,1 миллионду түздү, анын 11 миллиону Кытайда, 3 миллиону Европада, 1,8 миллиону АКШ жана Канада рыногунда, 1,3 миллиону да калган аймактарда сатылды.