Түркияда жумушсуздук кыскарды, өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, 2024-жылдын ноябрь айына карата жумушчу күчү статистикасын жарыялады.
2228991
Түркияда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөөнү улантууда.
Түркиянын статистикалык мекемеси, 2024-жылдын ноябрь айына карата жумушчу күчү статистикасын жарыялады.
Буга ылайык Түркияда 15 жана андан жогорку жаштагы жумушсуздардын саны 2024-жылдын ноябрь айында мурунку айга салыштырмалуу 84 миңге азайып, 3 миллион 72 миң адамга кыскарды. Жумушсуздуктун деңгээли болсо 0,1 пунктка төмөндөп 8,6 пайызды түздү.
Жумушсуздук көрсөткүчү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 0,4 пунктка азайды.
Түркияда экономикалык өсүштүн алдыңкы көрсөткүчтөрүнүн бири болгон өнөр жай өндүрүшү да өсүүнү улантууда.
Индекс 2024-жылдын ноябрь айында 2,9 пайызга, жылдык негизде 1,5 пайызга өстү.