«Астория Гранде» аттуу круиздик кеме Амасра портуна якорь таштады
Амасра районунун акими Кадир Перчи райондук коопсуздук директору Севгүл Хаял жана башка тиешелүү адамдар кемени тосуп алышты.
Россиянын Сочи шаарынан жолго чыккан «Астория Гранде» аттуу круиздик кеме Амасра портуна якорь таштады.
Табияты жана деңизи менен таанымал туризм борбору Бартындын Амасра районуна 1015 жүргүнчү жана 454 экипажы менен келген 193 метр узундуктагы, 30 метр кеңдиктеги 11 кабаттуу кеме 2022-жылдын 3-августунан баштап 61- сапарын аткарды.
Амасра районунун акими Кадир Перчи райондук коопсуздук директору Севгүл Хаял жана башка тиешелүү адамдар кемени тосуп алышты.
Процедурасын аяктаган туристтерге порттун чыгышында орус тилинде брошюралар берилди.
Туристтер андан кийин Амасра музейи, Чекичилер базары, Гранд порт, Амасра сепили жана Кемере көпүрөсү сыяктуу тарыхый жана туристтик жерлерди көрүү үчүн порттон чыгышты. Жүргүнчүлөрдүн айрымдары туристтик автобустар менен Карабүктүн Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый сарайлары менен белгилүү Сафранболу районуна да барышты.