Түркиянын зайтун майы экспортунда өсүү
Экспорттун жарымына жакыны АКШга жасалды.
Түрк зайтун майын экспорттоочулар 2024-жылдын 1-ноябрында башталган экспорттук сезонду тез баштады.
Өзгөчө атаандаш өлкөлөрдөгү түшүмдүн азайышы жана Түркиядагы продукциянын көптүгү экспортчуларга артыкчылык берди.
Сезондун алгачкы эки айында көлөм жагынан 101 пайызга өсүп 16 миң 86 тоннага жеткен зайтун майы экспортунан 86 миллион 405 миң долларлык киреше түштү.
Экспорттун жарымына жакыны АКШга жасалды.
Түркия эң көп зайтун майын саткан АКШга экспорт 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5 эсе өсүп 7 миң 520 тоннага жетти.
Бул өлкөгө экспорттон түшкөн киреше 260 пайызга өсүп 39 миллион 106 миң долларды түздү.
Зайтун майында негизги атаандаш Италияга экспорт 442 пайызга өсүп 1811 тоннага, нарк жагынан болсо 318 пайызга өсүп 8 миллион 13 миң долларга жетти.
Ал эми Испанияга 5 миллион 686 миң долларлык 1 миң 224 тонна зайтун майы сатылды.
Сауд Арабияга 157 пайыздык өсүү менен 930 тонна, нарк жагынан болсо 57 пайыздык өсүү менен 4 миллион 597 миң долларга жеткен зайтун майы экспорттолду.
Тектеш кабарлар
Стамбул каржы борборунун кызматташтыгы
Финансы секторунун жүрөгү «Стамбул каржы борбору» жаңы кызматташтыктар менен дагы да өсүп жатат.
Түркиянын мисте экспорту
2024-жылы экспорт мурунку жылга салыштырмалуу 52 пайызга өсүп 229 миллион 777 миң долларды түздү.