Түрк лирасы менен тышкы соодада өсүү болду
Түрк лирасы менен тышкы соода көлөмү 2023 - жылдагы 821 миллиард 298 миллион лирадан 37, 5 пайыздык өсүү менен 1 триллион 129 миллиард 194 миллион лирага жетти.

Түрк лирасынын тышкы соодасы өткөн жылы андан мурунку жылга салыштырмалуу 37,5 пайызга өсүп 1 триллион 129 миллиарддан ашты.
Соода министрлигинин маалыматына караганда, республика тарыхынын эң жогорку экспорту ишке ашырылган 2024 - жылы түрк лирасы менен жасалган соодадагы өсүү көңүлдөрдү бурду.
Түрк лирасы менен тышкы соода көлөмү 2023 - жылдагы 821 миллиард 298 миллион лирадан 37, 5 пайыздык өсүү менен 1 триллион 129 миллиард 194 миллион лирага жетти.
2024 - жылы декабрь айында 30 миң 855 фирма 157 өлкөгө жасаган экспортто түрк лирасын колдонуп жылдын баарында 97 миң 410 фирма лира менен экспорт жасады. Түрк лирасы менен экспорт жасалган өлкө саны да өткөн жылы 205ке жетти.
Тектеш кабарлар

Түрк чайынын экспорту
Жылдын биринчи айында 57 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга чай экспорттолду.

Министр Ибрахим Юмаклы суу продукцияларынын экспорту тууралуу маалымат берди
Министр Юмакл, суу продукциялары экспортунун эң башында деңиз басы жана ломбардын турганын айтты.